Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

“Ата Журт”: Коалиция боюнча келишим быша элек


Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзгөн “Ата Журт” фракциясы коалицияны кеңейтүү боюнча келишим үчүн убакыт жете элек деп эсептейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Ниязовдун айтымында, коалиция тууралуу келишимге парламенттеги үч фракция лидерлери - Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Феликс Кулов кол коюшкан.

Келишим долбоорун көпкө кармаган соң “Ата Журт” фракциясы коалиция негизинде бардык маселер боюнча мунасага келмейинче келишимге эртелик кылаарын билдирген. Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бул маселеге байланыштуу жообун кат аркылуу жолдогон.

Фарид Ниязовдун айтымында, Социал-демократтар, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партияларынын жетекчилери жакынкы күндөрү коалиция туурасында дагы кеңеш кураары күтүлүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG