Президент өзүнүн атынан БШК мүчөлүгүнө талапкерлерди "Шайлоо тууралуу" мыйзам кабыл алынгандан кийин көрсөтөт. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров билдирди. Бүгүн Жогорку Кеңеште “Президент жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу” жана "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу" мыйзам долбоорлору каралат. Парламент бүгүн БШК курамынын үчтөн бирин бекитээри да күтүлүүдө.
"Шайлоо тууралуу" жаңы мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы 12 адамдан болуп, аларды президент жана Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтө алат. Азырынча парламенттен эки гана фракция өз талапкерлерин аныктады. (EK)