Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Карабак чатагы Казанда талкууланат


АКШ президенти Барак Обама Азербайжан жана Армения лидерлерине телефон чалып, Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүнү алгалатууга үндөдү. Ак Үйдүн маалымдашынча, Барак Обама эки президентти Карабак чатагын токтотуу боюнча келишимдин негизги принциптерине кол койууга чакырган.

Бүгүн Казан шаарында Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Армения президенти Серж Саркисян кездешет. Сүйлөшүүгө Орусия президенти Дмитрий Медведев арачылык кылат.

Май айында АКШ, Орусия жана Франциянын президенттери да Алиев менен Саркисянды чатакты создуктурбай жөндөөнү сурашкан. Армения колдогон карабактык армяндар 1994-жылы чөлкөм үчүн жүргөн согуш токтогон соң Тоолуу-Карабакта өз өкүмүн жүргүзүп калган.

XS
SM
MD
LG