Бириккен Улуттар уюмунун Руанда боюнча соту 65 жаштагы Полина Нирамасухукону (Pauline Nyiramasuhuko) 1994-жылкы геноцидке катышкан деп, өмүр бою эркинен ажыратты. Руанда өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү Нирамасухуко эл аралык сот тарабынан адамзатка каршы кылмыш жасады деп соттолгон биринчи аял. Аны менен кошо уулу да өмүр бою түрмөгө кесилди. 1994-жылы Руандада болгон 100 күндүк кызыл кырганда 800 миң чамалуу адам жок кылынган. Алардын көпчүлгү тутси азчылыгынан болгон.