Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Медведев Матвиенко айымды колдоду


Орусия президенти Дмитрий Медведев Санкт-Петербург шаар мэри Валентина Матвиенконун Федерациялар Кеңешинин төрайымы болуусун колдоду. Матвиенконун талапкерлигин бир нече региондун башчылары менен кездешүүдө Башкуртстандын президенти Рустем Хамитов сунуш кылды.

62 жаштагы Матвиенко бул кызматка шайланса, Орусиянын бийлик иерархиясындагы үчүнчү адам болот. Валентина Матвиенко 2003-жылдан бери Санкт-Петербургдун мэри. Федерациялар кеңешинин мурдагы төрагасы Сергей Миронов өткөн айда башкаруудагы “Бирдиктүү Орусия” партиясын удаа-удаа сындагандан кийин кызматын жоготкон.

XS
SM
MD
LG