Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Тимошенко сотто ага коюлган күнөөлөрдү четке какты


Киев шаарында Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун соту башталды. Тимошенко 2009-жылы Орусия менен түзгөн газ келишими бюджетке 190 миллион доллар чыгым келтирген деп айыпталууда. Ал сот алдында кабарчыларга кайрылып: "прокуратуранын жана соттордун менчиктештирилгенинен эч ким күмөн санабайт. Адилеттик жок. Ошон үчүн Янукович өзүнүн негизги саясий атаандашын жоопкерчиликке тартып, өч алып жатат",-деди. Эгер Тимошенконун күнөөсү далилденсе, жети жылдан он жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Юлия Тимошенко 2004-жылкы "Саргылтым ыңкылаптын" лидерлеринин бири. Ал былтыркы президенттик шайлоодо Виктор Януковичке чоң эмес айырма менен жеңилип калган жана сот жараянын саясий жүйөөдөн улам уюштурулууда деп санайт.

Тимошенконун жүздөгөн тарапкерлери сот имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG