Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

ИИМ реформасына арналган талкуу өтүүдө

Иш чараны “Кесилиш Club” жаштар уюму уюштурууда. Борбор Азиядагы Америка университетинде өтүп жаткан талкууга ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, экс-Баш прокурор Кубатбек Байболов, депутаттар Нариман Түлеев, Равшан Жээнбеков, Марат Султанов катышууда.

Эл аралык республикалык институттун соңку изилдөөлөрү Кыргызстанда калктын 15% гана милицияга ишеним артаарын көрсөткөн. “Кесилиш Club” жарандар коопсуздугуна кепилдик алган орган - ИИМ кызматкерлеринин калк арасындагы бедели төмөн экендигине камтама болуп, бул тармакты жакшыртуу боюнча талкуу уюштурууда. (EK)
XS
SM
MD
LG