Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Казак журналисттер союзу Отунбаевага диплом ыйгарды


Казакстандын журналисттер союзу Роза Отунбаевага басма сөзгө көрсөткөн колдоосу үчүн атайын диплом ыйгарды. Союз жетекчиси Сейитказы Матаев Борбор Азия аймагында парламенттик башкарууга өткөн биринчи өлкө - Кыргызстанда Отунбаеванын басма сөзгө болгон салымы зор экендигин белгиледи. “Отунбаева башкарууга өлкө өто оор абалда кептелип турганда келди. Бирок ал биринчи күндөн тарта эле ММКга эркиндик берип, ээрчиме басма сөздү четке какты” – деди Казакстандын журналисттер союзун төрагасы. Уюм ошондой ЕККУнун ММК боюнча атайын өкүлү Дунья Миятовичке да аймакта сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн диплом ыйгарды.

Эске салсак, 8-июнда Кыргызстандын медиа уюмдары журналисттер кол салууларга жана коркутууларга кабылып жатканын билдирип чыккан. 45 журналист кол койгон кайрылууда бийлик өлкөдө сөз эркиндигин камсыздоодо жакшы жылыштар болду дегени менен журналисттерге карата кол салуулар боюнча бир да кылмыш ишинин бети ачылбаганы сынга алынат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5 журналист белгисиз адамдар тарабынан сабалган, бирок бул окуя боюнча козголгон кылмыш иштеринин биринин да бети ачылган эмес. (EK)

XS
SM
MD
LG