Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү


25-29-июнда  республиканын  тоолуу  жана тоо этектериндеги аймактарда нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел  жүрүшү күтүлөт. 26-июнда өлкөдө өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан нөшөрлөп төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9,  кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылуу.

Бишкекте 26-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16... 18, күндүз  28... 30 градус жылуу болот. (EK)

 

XS
SM
MD
LG