Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

АКШ, Евробиримдик Тимошенко үчүн тынчсызданышты


Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, оппозициячы саясатчы Юлия Тимошенкого байланышкан сотко кабатырлануусун билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Наленд "Украина оппозициячысына каршы сот саясий мүнөзгө ээ болуп атат" деди.

Киев соту Юлия Тимошенкого 2009-жылы Орусия газын Украинага сатып алуу боюнча келишим түзүүдө кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагууда. Тимошенко жума күнкү отурумда өзүнө каршы коюлуп жаткан айыпты толугу менен төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG