Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Былтыр Кыргызстанда кыйноолор боюнча 97 факт катталган


Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, кыйноолор боюнча 2 гана кылмыш иши сотко өткөн.

Акыйкатчы институтуна 2010-жылдын этеги жана 2011-жылдын башына карата 16 арыз түшкөн. Акун кыйноолорга каршы жергиликтүү укук коргоочулар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү атайын мыйзам долбоор даярдап Жогорку Кеңешке жөнөтүшкөнүн маалымдады.

Бүгүн, 26-июнда кыйноолорго каршы эл аралык күн белгиленүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG