Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 09:51

Абхазияда президенттикке талапкерлерди көргөзүү жараяны башталат


Грузия жикчил аймагы катары, Орусия көз карандысыз мамлекет катары эсептеген, бирок эл аралык коомчулукта таанылбаган бул республиканын президенттигине талапкерлерди көргөзүү жараяны бүгүн башталып, 17-июлга чейин созулат. Абхазиядагы кезексиз президенттик шайлоо республика жетекчиси Сергей Багапш быйыл 31- майда оорудан улам каза тапкандан кийин белгиленген. Добуш берүү 26-августта өтөт.

XS
SM
MD
LG