Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бишкекке АКШ мамкатчысынын жардамчысы келет


Бүгүн АКШ мамкатчысынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө иштери боюнча жардамчысы Уильям Браунфилддин Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Браунфилд Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматында болуп, кыргыз тарап менен чек ара жаатындагы баңги агымы, Борбор Азиядагы баңги заттарына байланыштуу кырдаал тууралуу талкуу уюштурат. Жолугушуу соңунда АКШ мамкатчысынын Баңгизаттарын көзөмөлдөө иштери боюнча жардамчысы Кыргызстандагы АКШ элчиси Памела Спратлен жана Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Виталий Орозалиев менен бирге журналисстер үчүн жыйын өткөрүшөт.(EK)

XS
SM
MD
LG