Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Депутат президентти БШКнын жаңы курамына Сариевдин талапкерлигин көрсөтпөөгө үндөдү


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов президент Роза Отунбаевага кат жолдоп, анда БШК төрагасы Акылбек Сариевдин талапкерлигин Боршайкомдун жаңы курамына сунуштообону өтүндү. Депутат өзүнүн бул сунушун “Сариев былтыр өткөн парламенттик шайлоодо Шайлоо кодексин одоно бузган. Өзүнүн бир тууган иниси шайлоого аттанган партиянын тизмесинде болгондугуна карабай ишинен кетпей койгон” деп негиздөөдө.

Өмүрбек Абдрахманов президент Акылбек Сариевдин талапкерлигин кайрадан көрсөтө турган болсо бул боюнча коомчулукта жана парламентте талкуу уюштураарын эскертти. (EK)

XS
SM
MD
LG