Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Атаханов АКШ мамкатчысынын жардамчысы менен жолукту


Вице-премьер Шамиль Атаханов бүгүн АКШ мамкатчысынын Укук коргоо жана баңгизаттарын көзөмөлдөө иштери боюнча жардамчысы Уильям Браунфилд менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей жолугушууда тараптар аймактагы баңгитрафигине каршы чаралар тууралуу пикир алмашышты. Атаханов кыргыз өкмөтүнүн баңгизаттарын көзөмөлдөө, коомдук коопсуздук жана уюшкан кылмууштулукка каршы иш-аракеттери боюнча маалымат берди.

Өкмөт үйүндө өткөн бул жолугушууга Кыргызстандагы АКШ элчиси Памела Спратлен да катышты. (EK)

XS
SM
MD
LG