Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Күрт козголоңчулары Түркиянын аскерлерине кол салды


Күрт согушчандары Түрк армиясынын бир жоокерин катардан чыгарды, үч аскерди жарадар кылды. Аскерлерге кол салуу 27-июнда таңга жуук Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында болгонун жарым өкмөттүк Анадолу агенттиги билдирди. Тыйуу салынган Күрт Жумушчу партиясы 1984-жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышында күрт автономиясын куруу үчүн согушуп келет. Алардын чатагынан бул жылдары 45 миңдей адам набыт болгон деп айтылып келет. Жакында партиянын абактагы лидери Абдулла Ожалан өкмөт козголоңчулар менен сүйлөшүүнү баштабаса, кол салуулар күчөйт деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG