Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Пакистан британ инструкторлорун өлкөдөн чыгарууда


Пакистан бийликтери Британияны айрым аскерий инструкторлорун убактылуу өлкөдөн чыгарып кетүүгө чакырды. Бул жөнүндө Британиянын Исламабаддагы элчилиги билдирди. Британдардын “Гардиан” гезитинин жазышынча, Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарына чукул жердеги аскерий базадан британиялык 18 инструктор чыгарылган.

Майдын башында АКШ аскерлери “ал-Каиданын” башчысы Усама бин Ладенди Пакистанда өлтүргөндөн тарта мамлекеттин төбөлсүздүгүнө шек келтирилди деп, Пакистан армиясына өлкө ичинде кысым күчөгөн. Жакында эле америкалык 120 инструктор да Пакистандан чыгарылганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG