Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

“Кыргызстан жана Бажы союзу” талкуусу өттү


Бүгүн Бажы кызматында өткөн талкууга ишкер чөйрөдөн жана Экономикалык тескөө министрлигинен өкүлдөр катышып, Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүнүн оош-кыйыш жактарын талкуулашты. Экономикалык тескөө министрлигинин өкүлү Анархан Рахманова Бажы союзуна кирүүнүн артыкчылыгы катары күйүүчү майларга болгон экспорттук төлөмдөрдүн алынып салынышын белгиледи.

Өз кезегинде бизнес өкүлдөрү Бажы союзуна өтүү менен кыргыз ишкерлери казак, орус бизнесмендери менен атаандаша албай кала тургандыктарын айтышты. Алар Кыргызстан Бажы союзуна кирсе Орусиянын бир рыногу эле болуп калат деген ойлор ортого салынды.

Талкуу учурунда аймакта Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түптөө идеясы жакшы болгон менен Бажы союзунун ишкерлик эрежеси Советтер союзу маалындагыдай чектөөлөргө бай экендиги белгиленди. (EK)

XS
SM
MD
LG