Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Аскердик кызмат өтөө боюнча парламенттик угуу өтүүдө


Жогорку Кеңеште “Кыргызстан жарандарынын аскердик кызмат өтө тууралуу милдеттери, аскердик жана альтернативалык кызматтар” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору талкууланууда. Мыйзамга демилгечилик кылган Социал-демократтардан депутат Исмаил Исаковдун айтуусунда, долбоор Куралдуу күчтөр, кызмат өтөөдөн четтетүү, жарандардын конституциялык милдетин аткарууда тең шарттарды түзүү, аскер адамдарын социалдык коргоосун жакшыртуу маселелерин карайт.

Талкууга коргоо министри Абибилла Кудайбердиев да катышып, мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча өз сунуштарын айтты. Кудайбердиев Кыргызстанда бир айлык кызмат өтөө түрүн алып салууга каршы чыгууда.

Депутат Ирина Карамушкина жарандарды аскерге барып кызмат өтөөгө кызыктыруу боюнча тийиштүү чаралар керек деп эсептейт. “Мамлекетти коргоо керек деген сөздөр көп айтылганы менен көп эле үй-бүлөлөрдө балдарын кантип аскерден алу калуу керектигин ойлошот” – дейт Карамушкина. Депутат айым аскердеги аялдар басынтууга туш болот экен деп, буга каршы чара көрүүгө чакырды.(EK)

XS
SM
MD
LG