Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

"Адилет" туура эмес операция жасалган делген кыздын ишин териштирет


Догдурлардын шалаакылыгынан улам операция учурунда табарсыгы алынып салынган делген 2 жаштагы Айжаркындын окуясы боюнча “Адилет” укуктук клиникасы териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу жабыркаган кыздын жакыны Нургүл Шаршембиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Айжаркындын атасы Асылбек Шаршембиев Баш прокуратурага да арыз менен кайрылды.

Кыздын ата-энеси Айжаркынга төрт айлык кезинде Бишкек шаардык балдардын үчүнчү бейтапканасында операция жасалганын, ичиндеги шишикти алып салабыз деген догдурлар баланы табарсыгын кошо алып салышканын айтышууда.

Догдурлар кыз тубаса табарсыгы жок төрөлгөнүн белгилешүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинен окуяга 2 жыл өтүп кеткендигине байланыштуу бул туурасында атайын комиссия түзүлбөгөнүн, дооматы бар ата-энелер өз арыздары менен сот органдарына кайрылса болоорун айтышты. (EK)

XS
SM
MD
LG