Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Суданга эл аралык тынчтык күчтөрү киргизилет


27-июнда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Судандын түндүгүндөгү талаштуу аймакка эфиопиялык 4200 тынчтык аскерин жөнөтүүнү бир добуштан жактырды. Алар Абей аймагынан судандык күчтөрдүн чыгып кетишине көзөмөл жүргүзөт. Судандын аскерлери Абейге быйыл 21-майда киргизилген. Андан бери аймакты 100 миңдей адам таштап кеткен. Алар негизинен Судандын түштүгүнө жер которушкан.

Судандын Түштүк Кордофан провинциясында да уруш жүрүүдө. Түштүк Судан 9-июлда өзүн Хартумдан төбөлсүз мамлекет деп ырасмий түрдө жарыялаганы жатат.

XS
SM
MD
LG