Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Грузия эми "Жоржия" деп аталып калды


Грузия жетекчилиги эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөнү орусча “Грузия” дебей, англисче “Жоржия” деп атоону өтүндү. Тышкы иштер министринин орун басары Нино Каландадзе 27-июнда билдиргенге караганда, “Жоржия” деп атоо боюнча ырасмий кайрылуу БУУга мүчө бардык өлкөлөргө жөнөтүлгөн жана Түштүк Корея өтүнүчтү биринчи болуп кабыл алган.
Россиядан башка да экс-советтик республикалар менен экс-коммунисттик мамлекеттерде “Грузия” деген аталыш колдонулат. Грузиндер өз мекенин  “Сакартвело” деп аташат. Бул сөз грузин элинин түптөөчүсү Картлос баатырдын ысмынын туундусу.

 

XS
SM
MD
LG