Өлкөнүн юстиция министри Мохаммед ал-Камууди баш кеңсеси Гаагада жайгашкан сотту “Батыштын үчүнчү дүйнөнүн лидерлерин куугунтуктоочу аспабы” деп атады. Бирок соттун чечими ливиялык козголоңчулардын таяныч бекети - Бенгази шаарында кубаныч жана кубаттоо менен кабыл алынды. Козголоңчулардын лидерлери эми Муаммар Каддафи менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирүүдө. Алардын Улуттук өткөөл кеңешинин төрага орун басары Мустафа Абдель Жалил мындай дейт:
-Эл аралык кылмыш соту кабыл алган чечим Муаммар Каддафини коргоо же анын менен сүйлөшүү боюнча кандай демилге болбосун аны маанисиз кылат.
Эл аралык Кылмыш соту Муаммар Каддафи менен катар анын уулу Саиф ал-Исламды жана Ливиянын чалгын кызматынын башчысы Абдулла ал-Сенуссини да камоого буйрук чыгарды. Сот аларды адамзатка каршы кылмыш жасаганы үчүн айыптоодо.
Ливияда элдик толкундоо башталган февраль айынын ортосунан бери миңдеген киши өлдү деп эсептелүүдө. Жаңжал НАТОнун абадан жарандарды коргоого багытталган операциясына карабай али уланып жатат. Кечээ НАТОнун өнөктүгү башталганына туура жүз күн толду. Эл аралык Кылмыш сотунун чечимин Түндүк антлантикалык альянстын өлкөлөрү да кубатташты.
Бул аралыкта Батыш дипломаттарынын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялар боюнча комитети Каддафинин аялынын Ливиядан сыртка чыгуусуна тыюу салды.