Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Эл аралык валюта корунда жаңы жетекчи шайланат


Бул кызматка Франциянын каржы министри Кристин Лагард бүгүн шайланышы мүмкүн. Кечээ ал Кытайдын колдоосуна ээ болду. АКШ менен Евробиримдик да Франциянын каржы министрин колдоп жаткандыгын эске алганда, анын валюта корунун башчылыгына келүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогору.

Лагарддын атаандашы – Мексиканын Борбордук банкынын башчысы Агустин Карстенс. Мурдараак өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тобу Эл аралык валюта кору пайда болгон 65 жылдан бери кордун башында жалаң европалыктар турганына нааразылык билдиришкен. Валюта корунун мурдагы башчысы Доминик Стросс –Кан мейманкана кызматчысын зордуктоого аракеттенген деген айып тагылган соң кызматынан чегинген.

XS
SM
MD
LG