Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдиришинче, Гүнеш Йылмазды Казакстандын атайын кызматы 6-июнда “Сыпатай баатыр” чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармашкан. 15-июнда ага каршы "чек арадан атайлап мыйзамсыз өттү" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкектеги “Бета Сторес” супермаркетинин кызматкери Түркиянын жараны Гүнеш Йылмаз ошол соода жайда иштеген Чолпон Орузбаевага кол көтөрүп, денесине оор жаракат келтирген деп айыпталып жатат. Йылмазды камакка алуу боюнча райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту өзгөртүп, айыпталуучу үй камагына чыккан. Кийин Жогорку Сот түрк жаранын камакка алуу боюнча баштапкы соттун өкүмүн калыбына келтирген. Йылмазга издөө жарыяланган болчу. (EBM)