Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Жогорку Сот Көлбаев акталды деген маалыматты жокко чыгарды


Жогорку Сот уюшкан кылмыш топтун ана башы деп шектелген Камчы Көлбаевди Чүй облустук соту актап жиберди деген маалымат тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда 24-июнда Чүй облустук соту Көлбаевдин адвокатынын арызы боюнча Аламүдүн райондук сотунун 13-июнда чыгарган чечимин караганы айтылат.

Аламүдүн райондук соту Көлбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу токтомду жокко чыгаруу боюнча мамлекеттик айыптоочулардын арызын канааттандырган эмес. Чүй облустук соту Көлбаевди актоо эмес, мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу соттук материалды караган. "Ошондуктан Көлбаев акталды деген маалымат чындыкка дал келбейт" деп жазылат Жогорку Сот тараткан билдирүүдө. Ага ылайык, Көлбаевди Ысык-Ата райондук соту 2002-жылы 6-сентябрда 19 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Бул өкүм күчүндө.

Учурда Жогорку Сотко атайын прокурорлордун Чүй облустук сотунун 24-июндагы чечимин жокко чыгаруу боюнча көзөмөл арызы түштү. (EBM)

XS
SM
MD
LG