Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Отунбаева эски мыйзам менен БШК мүчөлөрүн шайлоону сындады


Бүгүн президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, анда "Шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорунун жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоонун тегерегинде келип чыккан талаш-тартыштуу маселелер тууралуу сөз козголду. Отунбаева БШК жөнүндө мыйзамга кол коюлуп күчүнө киргенден кийин гана анын мүчөлөрү шайланышы керектигин айтты. "БШКнын 8 мүчөсүн 2008-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде шайлоо коомчулуктун башын адаштырып жатат" деп айтты.

Жогорку Кеңеш 24-июндагы отурумунда БШК тууралуу мыйзам долбоорду кабыл алган жана 8 мүчөсүн бекиткен. Парламенттин БШК курамынын үчтөн экисин көрсөтүү укугу бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG