Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Түркия: оппозиция парламенттеги ант берүүгө бойкот жарыялады


Анкарада Түркиянын жаңы шайланган депутаттары парламенттен орун алып, ант берүү аземи өтөт.

Көз карандысыз талапкер катары шайлоого катышкан 36 адам бүгүнкү ант берүү аземине каршы бойкот жарыялады. Түркиянын Борбордук шайлоо комитети алардын бири Хатип Дичлени «террорчулук пропоганданы» жайылткан деген негизде каттоодон баш тарткан.

Өлкөдөгү негизги оппозициялык Элдик-республикалык партиянын эки мүчөсүнүн иши сотто каралууда. Алар премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды кызматтан четтетүү планына катыштыгы бар деп айыпталууда.

Күрддөрдүн 5 талапкери жикчил "Күрд Жумушчулар" партиясы менен байланышы бар деген кине менен абакка салынган.

Улутчул багыттагы "Улуттук аракет" партиясынын мүчөсү да түрмөдө отурат.

XS
SM
MD
LG