Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Ташиев кесиптеши Сулеймановдон кечирим сурады


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов билдирди. Элдешүү кечээ (28-июнда) “Ата Журт” фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиевдин кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карап жаткан парламенттик комиссиянын жыйынында болгон. Осмоновдун айтымында, жарашуу демилгеси Ташиев тарабынан чыгып, ал болгон окуя үчүн өкүнүп жаткандыгын билдирип, кесиптеши Бахадыр Сулеймановдон кечирим сураган. Сулейманов өз кезегинде кечиримди кабыл алган.

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге “бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген” деп, анын кол тийбестигинен ажыратууну Жогорку Кеңештен сураган болчу. Буга “Ата Журт” фракциясынын дагы бир депутаты Бахадыр Сулеймановдун "мени фракция башчысы сабады" деп, прокуратурага жазган арызы себеп болгон. (ZB)

XS
SM
MD
LG