Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Орусия Беларуска электр кубатын берүүнү токтотту


Орус тарап электр кубатын берүү Беларустун карызына байланыштуу токтотулганын билдирүүдө. Орус өкмөтүнүн вице-премьер-министри Игорь Сечиндин айтымында, бул чечимдин саясий жүйөсү жок.

Орусиянын “Интер РАО ЕЭС” компаниясы беларус тарап тийиштүү акчаны жакынкы аралыкта которуп берээрине ишеним билдирди. Беларустардын “Белэнерго” компаниясынын маалыматына караганда, алар зарыл акчаны топтоп койгон, бирок улуттук акчаны чет элдикке конвертациялоо жагынан проблемалар чыкты. Беларус бир күндө керектеген электр кубатында Орусиянын үлүшү 12 пайызды түзөт.

XS
SM
MD
LG