Ички иштер министрлиги кылмыш топтун ана башчысы делген Камчы Көлбаевга карата Чүй облустук соттун чечимин айыптаган билдирүү таратты. Анда "тартип коргоо органдарынын кызматкерлери өмүрүн тобокелге салып, уюшма кылмыш топторго каршы иш жүргүзүп жаткан чакта соттордун мындай чечими жоопкерчиликсиз" деп айтылат. ИИМдин билдирүүсүндө соттор уюшма топтун мүчөлөрүнө каршы козголгон 50дөн ашуун кылмыш ишине байланыштуу жумшартылган же таптакыр актаган чечим чыгарганы белгиленген.
24-июнда Чүй облустук соту Көлбаевге байланыштуу Аламүдүн райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Буга чейин күч органдары ага издөө салып, Аламүдүн райондук соту качып жүргөн Көлбаевди кармап-камоого өкүм кылган болчу. Эми атайын прокурор Чүй облустук соттун чечимине каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылууда. (EBM)