Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Кабулда талиптердин мейманканага кол салуусунан 8 киши каза тапты


Алардын жетөө жайкын тургундар, бирөө полиция кызматкери. Кабулдун чет элдиктер жана дипломаттар көп токтогон кымбат баалуу “Интерконтиненталь” мейманканасында беш саатка созулган атышуу бүгүн таңга жуук аяктады. Ооган Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мейманканага алты жанкечти кол салган. Алардын экөөсүн мейманкананын сакчылары жок кылды. Төртөө алып келген жардыруучу заттарын дүрмөткө келтирүүгө үлгүргөн. Атышуулар учурунда бир нече жарылуу да болгон. АКШ кол салууну айыптады.

Бул окуя АКШ, Пакистан, Ооганстандын расмий өкүлдөрү Кабулда "Талибан" кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрдүн келечегин талкуулоо үчүн чогулгандан бир нече сааттан кийин эле орун алды.

XS
SM
MD
LG