Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Туризмди Маданият министрлигине кошууга каршылар чыкты


Туристтик тармактын өкүлдөрү өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, туризмди башкаруу Маданият министрлигине берилип жатканына нааразы болуп, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу Ишкерлер кеңешинин туризм боюнча өкүлү Михаил Халитов билдирди. Анын айтымында, кайрылууда туризм тармагын социалдык мекеме башкаргандагы кейиштүү тагдыры белгиленген. Туризм экономиканын өзөгүн түзүп жаткандыктан аны экономикалык министрликтерде эле калтыруу сунушу айтылган.

23-июнда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, 20 министрлик 17ге кыскарганы жатат, бюджеттен 14,3 миллион сом үнөмдөлмөкчү.

Токтомго ылайык, Экономикалык тескөө министрлиги Экономикалык өнүгүү жана инвестиция комитети болуп кайра түзүлөт. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Жаштар иштери боюнча министрлик бириктирилет. Ал эми Маданият жана маалымат министрлиги Маданият жана туризм министрлиги болуп өзгөрөт. Мамлекеттик мүлк министрлиги өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фонду болуп, Табигый ресурстар министрлиги Өндүрүш жана минералдык ресурстар министрлиги болуп кайра түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG