Чүй облустук администрациясы селден зыян тарткан Баткен облусуна эртең гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган администрациянын маалымат катчысы Улан Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, жардамга делген 15 тоннадай азык-түлүктү чогултууга облустагы бардык райондор кол кабыш кылды. Селден жапа чеккен баткендиктерге алгач Нарындан жардам барган. (EBM)