Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:08

ЮСАИД кургак учукту дарылоону жакшыртууга жардам берет

Үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясы ЮСАИДдин колдоосу менен 1-10-июль күндөрү Жалал-Абадда дарыгерлерди кургак учук илдетин аныктап дарылоо тажрыйбасын жакшыртуу үчүн окутуудан өткөрүшөт. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдиришинче, ушундай эле семинарлар андан кийин Ысык-Көл менен Чүй облустарында өтмөкчү.

Иш-чара ЮСАИДдин Борбор Азиядагы калктын саламаттыгын жакшыртуу боюнча беш жылдык программасынын алкагында уюштурулууда жана ал эң ириде аймактагы кургак учук, ВИЧ/СПИД, жүрөк ооруларын, эне-баланын өлүмүн азайтууга багытталган. (EBM)
XS
SM
MD
LG