Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Жаштар министрлигин жоюуга каршы кол топтоо башталат


Бул тууралуу бүгүн Жаштар иштери боюнча министрликтин алдындагы “Манас” жаштар ордосунун башчысы Бакыт Романов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, соңку алты жылда жаштар боюнча алектенген мекеме беш жолу өзгөргөн. “Ар бир өзгөртүү мамлекеттин жаштар саясатына терс таасир тийгизген”, дейт Романов. Ал Жаштар министрлигин жоюуга каршы мыйзамдуу бардык чаралар колдонуларын, кол топтоо башталарын билдирди.

Алмазбек Атамбаев сунуштаган өкмөттүн жаңы структурасына ылайык, Жаштар иштери боюнча министрлик Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигине кошулганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG