Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Кабулдагы мейманканага кол салууда 12 киши каза тапты


Ооганстандын ички иштер министри курмандыктардын тогузу карапайым ооган, экөө тартип коргоочу, бири Испаниянын жараны экендигин бышыктады. Министрликтин маалыматына ылайык, Интерконтинентал мейманаканасына кечээ көз карайганда тогуз куралчан кирип келгенден кийин, атышуу бир нече саатка созулду. Аталган мейманканада адатта европалыктар жана дипломаттар көп токтойт.

Мейманкананын чатырына жашырынган согушкерлерге каршы НАТО баштаган Коопсуздук жардам күчтөрүнүн тикучмасы чакырылды. 13 карапайым адам, беш тартип коргоочу жараат алды.

Бүгүн Кабулда өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилигин 2014-жылга чейин ооган күчтөрүнө өткөрүп берүү боюнча эл аралык конференция өтүүгө тийиш болчу.

XS
SM
MD
LG