Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Грек парламенти сарамжалдоо чараларын жактырды


Грекиянын борбор шаарындагы кагылышуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
Түз линк

Грек мыйзамчылары "курду бекем курчанууга" багытталган мыйзамдар долбоорун жактырды. Афина көчөлөрүндө болсо бул чараларга нааразы демонстранттар полиция менен кагылышты. Алардын 30дайы камакка алынды. Reuters. 29.6.2011.

Бул келерки айда 110 миллиард евролук куткаруу насыясынын кезектеги бөлүгүн алууга жол ачууда.

Орто заар колдоо менен өткөн мыйзам күчүнө кирсе, премьер-министр Георги Папандреонун өкмөтү 2015-жылга чейин 28 жарым миллиард евро сарамжалдоого мүмкүндүк берет.

Анын аралыгында баш калаа Афинада 48 сааттык иш таштоо уланууда.

"Эл ансыз деле итке минип калды. Азыркы чаралар бай-манаптардын кызыкчылыгында көрүлүп жатат," - деди Пантелакис Никос деген демонстрант.

Эл аралык Валюта Кору менен Европа Биримдиги банкрот болбош үчүн Грекия сарамжалдык мыйзамдарын кабыл алышы керек деп эскерткен.

Афинадагы кечээки кагылыштарда аз дегенде 46 киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG