Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Сотторду тандоо кеңешинин курамы парламентте каралат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, бүгүнкү парламенттин жыйынында судьяларды тандап алуу кеңешинин курамы да бекитилиши мүмкүн.

Буга чейин президент Роза Отунбаева Судьяларды тандап алуу кеңешин курамы бекитилсе, Кыргызстандагы кеминде 400дөн ашык сот кызматкерлеринин ишке ылайыктуулугун кайрадан текшерилип чыгаарын билдирген.

Ал эми 23-июнда Кыргызстандын ар аймагынан келген 50 чакты адам Жогорку Кеңеш имаратынын алдында нааразылык акциясына чыгып, Сот тандоочу кеңештин курамын Жогорку Кеңеш жайкы тыныгууга кеткиче бекитип берүү, мыйзам бузуу менен өкүм чыгарган соттордун жаңы мөөнөткө шайланышына жол бербөө талаптарын билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG