Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Отунбаева менен Текебаевдин ЖКдагы сөзү КТРКдан толук көрсөтүлөт


Президент Роза Отунбаева менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү кыскартуусуз Коомдук канал аркылуу сунушталат. Бул тууралуу чечим парламентте 85 добуш менен колдоого ээ болду. Мындай сунушту вице-спикер, “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова киргизди.

Роза Отунбаева бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттарга кайрылып, шайлоо тууралуу мыйзамдын кабыл алынышынын кечеңдешине парламентти күнөөлөдү. Президент өзүнө коюлуп жаткан шайлоо күнүн жылдыруу айыбын четке кагып , "бул - куру доомат, акылга сыйбас маалымат" деп сыпаттады.

Өз кезегинде Текебаев “Президент Роза Отунбаева “таза шайлоо өткөрөм десе, саясий интригадан жогору болуп, бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакыруусу керек. Президент Шайлоо жана БШК тууралуу мыйзамдарга кол коюп колдогондун ордуна саясий оюн кылып, БШКга өз атынан талапкер катары Акылбек Сариевди көрсөтүүдө" деп күнөөлөдү. (EK)

XS
SM
MD
LG