АКШ президентинин терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча кеңешчиси Жон Бреннан жаңы стратегияга “идеологиялашпаган”, “прагматикалык” деген мүнөздөмө берип, мындай деди:
- Бул - “ал-Каиданын” жана анын түйүнүнүн биздин аймакта теракттарды уюштуруу үчүн АКШнын өзүнөн жактоочуларын шыктандыруу мүмкүнчүлүгүнө басым жасаган алгачкы антитеррордук стратегия. Иш жүзүндө бул террорчулук менен күрөштүн биринчи кезекте биздин үйдөгү кол салууларды алдын-алууну көздөгөн алгачкы планы.
АКШда антитеррордук стратегия мурдагы президент Жорж Буш 2001-жылдын 11-сентябрдагы чабуулдан соң террого каршы согуш жарыялагандан берки онунчу жылда жаралууда. Бирок ага карата жаңыча мамилени азыркы администрация 2009-жылдын башынан бери карманып келет. Террор менен күрөштүн жаңы мамилеси, президенттин кеңешчиси Жон Бреннандын айтымында 2-майда “ал-Каида” лидери Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийин иштелип чыкты жана Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын өлкөлөрүндөгү радикалдуу саясий өзгөрүүлөрдү эсепке алат.