Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Грецияда полиция менен демонстранттар бүгүн да кагылышты


Кагылышуу эртең менен парламент имаратынын сыртында болду. Бүгүн грек парламентинде бюджеттик чагымдарды үнөмдөө кантип ишке ашырыларынын механизмдери каралган мыйзам добушка салынат. Кечээ парламент бул планды жалпысынан жактырды. Муну менен премьер-министр Георгиос Папандреунун өкмөтүнө 2015-жылга чейин 28,4 миллиард евро 40 миллиарддай долларды үнөмдөө үчүн катаал чараларды көрүүсүнө уруксат берилүүдө. Эл аралык валюта кору менен Евробиримдиктин айтымында, бюджеттик чыгымдардын кыскартылышы карызга баткан грек өкмөтү алардын 110 миллиард евролук насыясынын кезектеги бөлүгү- 12 миллиарддын алуусунун башкы шарты. Бюджеттик мекемелердин 48 сааттык иш таштоого чыккан кызматкерлери алардын тапкан-ташыганы азайышына каршы болуп жатат.

XS
SM
MD
LG