Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Британияда иш ташташты


Британ мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери пенсия реформасына каршы иш ташташты. Бул акыркы жылдардагы эң чоң акция катары бааланууда. Жүз миңдеген британдыктардын 24 сааттык бул иш таштоосу пенсия курагынын жогорулашына каршылык көрсөтүү максатын көздөдү.

Көптөгөн мектептер, мекемелер салык кызматтары, иммиграциялык кызматтар жабылганы кабарланды. Болжол менен акцияга 750 миң киши катышканы айтылып жатат.

Өкмөт башчынын орун басары Ник Клегг иш таштоону сынга алды: "Менимче бул - уят, анткени өкмөт менен кесиптик кошуундар ортосунда сүйлөшүү уланууда. Ушундайда акциялар кесиптик кошуундар мүчөлөрүнө, коомчулукка, жалпы өлкөгө жардам берет деп ойлобойм. Бардыгыбыз бул маселени чечүүнү каалап жатабыз деп ойлойм."

Британ өкмөтү курактын узактыгы менен бюджеттик таңкыстыктын ортосундагы 10 пайыз айырма пенсия реформасын жүргүзүүгө аргасыз кылууда деп эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG