Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кечээ күнкү жыйынында үч окууда кабыл алынды. “Кыргызстандын айрым чек ара жанындагы аймактарына өзгөчө макам берүү жана аларды өнүктүрүү тууралуу” мыйзамдын долбооруна ылайык, Кыргызстандагы чек арага жакын жайгашкан аймактарына өзгөчө макам ыйгарылат. Бул аракет чек араларды бекемдөө максатында жасалып жатканы маалымдалды. (KKs)