Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Евробиримдиктеги төрагалык бүгүн Польшага өтүүдө


Буга байланыштуу борбор Варшавада атайын салтанат уюштурулуп, ага Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй, уюмдун аткаруучу органы – Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Барросо катышат. Польша Евробиримдиктин курамындагы посткоммунистик өлкөлөрдүн эң ириси. Анын алты айга созулуучу төрагалыгындагы эң башкы милдет катары - бирдиктүү рынок мейкиндиги чыңдалышына көмөктөшүү, Евробиримдиктин институттарына ишенимди калыбына келтирүү маселелери аталууда.

Польша Евробиримдикке Балкан жарым аралынын Батышындагы өлкөлөрдүн кошулуусун колдойт.

Бул аралыкта Еврокомиссиянын кечээги билдирүүсүнө караганда, Хорватия биримдикке кирүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү аяктады. 2013-жылдын 1-июлунан тарта ал биримдиктин 28-мүчөсү болот.

XS
SM
MD
LG