Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Бишкекте “Куткаруучулардын аллеясы” ачылды


Бүгүн Чукул кырдаалдар министрлигинин 20 жылдыгы белгиленүүдө. Министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргендей, мааракеге байланыштуу “Куткаруучулар аллеясы” Бишкектеги генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында ачылды.

Министрликтин 20 жылдыгы жана 1-июль - Куткаруучулардын күнү менен президент Роза Отунбаева куттуктап, жарандардын өмүрүн сактоодо, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алуу жана алардын кесепеттеринен арылууда алардын ролу жана мааниси зор экендигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Түштөн кийин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Чукул кырдаалдар министрлигинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG