Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

“Ассошэйтед пресстин” продюсеринин үйүн тинтип кетишти


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ассошейтед пресс” маалымат агенттигинин оператору Абдрахман Арипов кабарлады. Анын айтымында, 30-июнда белгисиз бирөөлөр аталган агенттиктин Борбор Азия боюнча продюсери Далтон Деннеттин батирин тинтип, компьютер, кагаз, кийим-кечектерин чачып кетишкен. Баалуу буюмдар жана майда акчаларга тийген эмес.

Ариповдун айтымында, продюсер ушул батирде иштеп, ошол жерде жашачу. Агенттик кызматкерлери окуя боюнча милиция кызматкерлерине кайрылып, арыз жазышты. “Азырынча окуя боюнча бир тараптуу тыянак айтуу кыйын”, - дейт Арипов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG