Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Апрелде ок жеген Азиз Дүйшөналиев каза болду


Апрель ыңкылабынын катышуучусу, 34 жаштагы Азиз Дүйшөналиев жараатынан жакшы боло албай каза тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бөлүм башчысы Улан Манаев кабарлады. Дүйшөналиевге 7-апрель күнү Ак үй алдында ок тийген. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2-июлда өзү туулуп-өскөн Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында өтөт.

2010-жылы 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 80ден ашуун адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң буга байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG