Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Стросс-Кан Нью-Йорк сотунун алдына келет


Валюта корунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Кан бүгүн өзүнө коюлган айыптар боюнча сурак берет. 62 жаштагы франциялык социалист 19-майда "Нью-Йоркто мейманкананын бөлмө тазалаган кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн" деген айып менен камакка алынган.

Стросс-Кан Францияда келээрки жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коймок. Айрым маалымат каражаттары айыптоочу тараптын жүйөлөрү солгун болгондуктан кылмыш иши жабылып калышы мүмкүн экендигин жазышууда. Ушуга байланыштуу аты-жөнү аталбаган франциялык бир аял саясатчы акталып чыгат деген үмүтүн билдирди:

- Мен мунун баары ойлонуп табылганын башынан эле билгем. Мейманкананын бөлмө кызматкери акча үчүн ушуга барды. Мен Стросс-Канды абдан сыйлайм.

Күрөгө акча койгондон кийин бошотулган Стросс-Кан азыр Манхэттендеги жалданма батирде үй камагында отурат.

XS
SM
MD
LG