Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Өзбекстанда дарыгерлер ачкалык жарыялаган журналистти дарылоодон баш тартышты


"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Саодат Омонова кечээ ичи түйүлүп ооруганда тез жардам чакырган. Бирок ал жеткирилген оорукана "шаарда катталган эмес" деген негизде ага медициналык жардам берүүдөн баш тарткан.

Омонова менен Малохат Эшонкулова деген дагы бир журналист өткөн аптада Ташкендин борбордук аянтында цензурага каршы акция өткөрүшкөн. Ушул дүйшөмбүдө аларды мамлекеттик "Жаштар" сыналгы каналы иштен бошотуп салды.

Уруксатсыз акция өткөргөнү үчүн сот аларга бир жарым миң доллардык айып салып, каналдын чечимин туура деп тапкандан кийин, журналисттер ачкачылык жарыялашкан. Омонова менен Эшонкулованы текшерген дарыгер Шукрулло Сиродиев экөөнү тең оорукана жаткырыш керек деп кеңеш берген.

XS
SM
MD
LG